Blog Image

КМУнун Медиа борборуна Эразмус+ долбоорунун алкагында iPhone 16 Pro Max смартфону алынды

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Медиа борборуна акыркы үлгүдөгү iPhone 16 Pro Max смартфону алынды.

iPhone 16 Pro Max смартфону Эразмус+ долбоорунун алкагында алынып, университеттин Медиа борборуна профессионалдуу видео, отчеттуулук жана контентти түзүүдө жогорку сапаттагы жабдууларды камсыздайт. Студенттер азыркы учурдагы технологияларды колдонуу менен заманбап медиаконтентти иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк алышты.

Эразмус+ долбоору аркылуу алынган смартфон студенттерге контент түзүү, видео тасмаларды тартуу жана медиа иштерин жүргүзүүдө жаңы багыттарга жол ачат.