Blog Image

КМУнун Медиаборборунун жетектөөчү адиси Э.Турдубекова I эл аралык “Сырдың Сабирасы” театр фестивалынын калыстар тобунда иш алып барды

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Медиаборборунун жетектөөчү адиси, редактор-котормочу, театр сынчысы, Эл аралык театр сынчылары биримдигинин вице-президенти Элеонора Турдубекова I эл аралык “Сырдың Сабирасы” театр фестивалынын Калыстар тобунун мүчөсү катарында иш алып барды. Аталган фестиваль 24-30-апрель күндөрү Н.Бекежанов атындагы Кызылорда облустук академиялык музыкалуу драма театрынын 70 жылдыгына арналып, СССРдин эл артисти, Толгонайдын ролун мыкты аткаргандыгы үчүн СССР мамлекеттик сыйлыгынын ээси, легендарлуу Сабира Майканованын 110 жылдыгына карата салтанаттуу белгилөө максатында уюштурулган.

Калыстар тобунун төрагасы советтик, казак актёру, театр жана кино режиссёру, сценарист, педагог, Казакстандын Эмгек Баатыры, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, СССР эл артисти Асанали Ашимов болду.

“Сырдың Сабирасы” эл аралык театр фестивалына Кыргызстан, Румыния, Грузия, Казакстан өлкөлөрүнөн тандалган мыкты театрлар катышып, өз өнөрлөрүн бир жума бою Кызылорда шаарынын тургундарына тартуулашты.

Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры “Ай тутулган түндө” (автор Мустай Карим, режиссеру Уланмырза Карыпбаев) спектакли менен байгелүү II орунду багындырып, Калыстар тобунун жана көрүүчүлөрдүн эң жогорку баасына татыктуу болушту.

Кыргыз театрынын спектакли терең маанини, көркөмдүк жагынан жетилгендигин жана сахна тилинин оригиналдуулугун көрсөтүп, жаркын жана ынанымдуу көрүнгөндүгү баса белгиленди.

Кызылордадагы фестиваль дүйнөлүк театралдык процесстин жогорку идеялары – маданий диалог, жаңы формаларды издөө жана салтка болгон сый-урмат чагылдырылган маанилүү аянтча болуп калды.