Blog Image

КМУнун окутуучулары спорттун 7 түрү боюнча таймашууда

Бишкек шаарынын университеттери жана орто кесиптик окуу жайларынын кызматкерлери арасында «Ден соолук-2024» аталышындагы мелдеш 9-февралдан тартып өтүүдө. Мелдештин салтанаттуу ачылыш аземи К.Скрябин атындагы Улуттук агрардык университетинин спорттук базасында өтүп, И.Арабаев атындагы КМУнун окутуучулары 12-февралдан баштап спорттун 7 түрү боюнча таймашууда. Тагыраак айтканда, футзал, стритбол, тогуз коргоол, стол үстүндөгү теннис,волейбол,шахмат,ордо.

Бүгүнкү күндө спорттун 2 түрү жыйынтыкталып, Тогуз коргоол боюнча эркектер арасында 2- орунду Дене тарбия факультетинин окутуучусу Какен Джамангулов ээлесе, аялдар арасында 2- орунга Назгүл Ибрагимова татыды. "Ден-соолук-2024" атуу мелдештин жыйынтыгында, жеңүүчүлөргө грамота, медаль, кубок жана акчалай сыйлыктар тапшырылат. Белгилей кетсек, аталган оюндун жеңүүчүлөрү, 2024-жылдын 20-июнунан баштап Ысык-Көл облусунда өтүлүүчү республикалык “Ден соолук-2024” мелдешине катышат.