Blog Image

КМУнун "Мурас" командасы "Бишкек жаштары" ЖОЖдор аралык сынакта II орунга ээ болду

13-апрель күнү И.Арабаев атындагы КМУнун «Мурас» командасы И.Раззаков атындагы КМТУнун 70 жылдыгына карата өткөн “Бишкек жаштары” аталышындагы сынагына катышты. Сынакта ЖОЖдордун командалары билим, ыр, бий жана актёрдук чеберчилиги боюнча таймашты. Жыйынтыгында И.Арабаев атындагы КМУнун “Мурас” командасы II орунга ээ болду.

Сынактын баш байгесине К.Карасаев атындагы БМУнун жана I орунга Б.Ельцин атындагы КРСУнун командалары ээ болду.

Иш-чаранын максаты: жогорку билим берүүнү алдыга жылдыруу, студенттердин чыгармачылыгын стимулдаштыруу жана сергек жашоо образын түзүү менен ден соолукту сактоо, жаштардын өзүн-өзү таанууга тарбиялоо.