Blog Image

КМУнун Окумуштуулар кеңешинин кезектеги отуруму өттү

28-февраль күнү И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин № 6 отуруму өттү.

Окумуштуулар кеңешинин отурумунун Күн тартибинде И.Арабаев атындагы КМУну маалыматтык-техникалык жактан камсыздоонун абалы жана аны өнүктүрүүнүн негизги багыттары тууралуу Маалыматтык технологиялар борборунун башчысы Мокешов Ж.К., КМУнун Дене тарбия жана спорт институтунун 2022-2025-жж. ишмердүүлүгү жана келечектеги өнүгүүсү тууралуу отчетун ДТжСИнин директору Сарымсаков К.К. тапшырышты.

Окумуштуулар кеңешинин отурумунда И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева Педагогика жана психология институтунун директорунун орун басары, философия илимдеринин кандидаты Кайыркүл Арыпбековага доцент окумуштуулук наамы ыйгарылгандыгын билдирип аттестатын тапшырды.

КМУнун профессордук-окутуучулар курамы Кайыркүл Бактыгуловнага бекем ден соолук, илимий изденүүлөрүндө ийгиликтерди каалайт.