КМУнун Окумуштуулар кеңешинин кезектеги жыйыны өттү
27-сентябрь күнү Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин кезектеги жыйынынын № 1 отуруму өттү.
Жыйындын Күн тартибинде 2022-2023-окуу жылындагы профессордук-окутуучулук курамынын рейтингинин жалпы жыйынтыктары боюнча КМУнун Окуу иштери боюнча проректору Равшан Зайниев маалымат берди.
2-маселе боюнча И.Арабаев атындагы КМУда мамлекеттик тилди, жаштар саясатын жана спортту өнүктүрүү боюнча 2023-2024-окуу жылында аткарылган иштердин жыйынтыгы тууралуу окуу жайдын проректору Жайна Садыкбек кызы маалымдады.