КМУнун Окумуштуулар кеңешинин отуруму өттү
Бүгүн, 4-февраль күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Окумуштуулар кеңешинин кезектеги № 5 отуруму өттү.
Окумуштуулар кеңешинин отурумунун Күн тартиби боюнча И.Арабаев атындагы КМУнун Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун 2021-2024 окуу жылындагы окуу, окуу-методикалык, илимий, тарбия иштери жана мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн абалы тууралуу отчетун институттун директору Сартбекова Н.К.; КМУнун Гуманитардык-педагогикалык колледжинин 2021-2024-окуу жылдарындагы ишмердүүлүгү жана перспективалары боюнча отчетун ГПКнын директору Ашымбаева Т.А. беришти.