КМУнун окумуштууларына окумуштуулук наамдар ыйгарылды
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Айгүл Абдраева Окумуштуулар кеңешинин жыйынында Орус филологиясы факультетинин деканы, педагогика илимдеринин кандидаты Назгүл Сегизбаевага “Педагогика” адистиги боюнча доцент окумуштуулук наамы ыйгарылгандыгы тууралуу аттестатын жана КМУнун Окуу башкармалыгынын начальниги Эдиль Амантур уулуна “Тарых илимдеринин кандидаты” окумуштуулук даражасы ыйгарылгандыгы тууралуу дипломун тапшырды.
КМУнун профессордук-окутуучулар курамы Назгүл Капаровнага жана Эдиль Амантуровичке бекем ден соолук жана көптөгөн жетишкендиктерди каалайт.