КМУнун окутуучулары “5 кадам” аталышындагы үй-бүлөлүк фестивалга катышты
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасынын окутуучулары Н.К. Тунгатарова жана Э.Б. Тентиева «5 кадам» аталышындагы үй-бүлөлүк фестивалга катышты.
Иш-чара Бишкек шаарындагы “Дасмия” этно-борборунда өтүп, КМУнун окутуучулары Н.К. Тунгатарова жана Э.Б. Тентиева
«Нейрондук оюндар» аталышында мастер-класс уюштурушту. Мастер-класстын максаты: нейропсихологиялык ыкмалар аркылуу балдардын эс тутумун, көңүлүн, чыгармачылык жана ойлом жөндөмүн өркүндөтүү.
Фестивалдын жүрүшүндө ата-энелер балдары менен бирге үй шартында колдонууга ыңгайлуу көнүгүүлөрдү үйрөнүштү. Иш-чара үй-бүлөнүн ынтымагын бекемдөөгө шарт түздү.