Blog Image

КМУнун окутуучулары АГЭУда академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында мастер-класстар жана конок-лекцияларды өттү 

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун окутуучулары Алматы гуманитардык-экономикалык университетинде академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында мастер-класстар жана конок-лекцияларды өттү.
Анда, ППИнин директору, п.и.к., доцент Гүлзат Казиева,  п.и.к., доцент Махабат Куканова, п.и.к., доц., м.а. Динара Мырзадаирова,  п.и.к., доцент Дамира Омурбаева,  п.и.к., доцент Марипа Нуркулова жана Экономика жана менеджмент институтунун ага окутуучусу Жибек Амеркулова окутуунун инновациялык методдорун колдонуп «Башталгыч класстарга математика сабагын өтүүдө функционалдык көндүмдөрдү өнүктүрүү», «Кыргыз улуттук баалуулуктар: кыргыздын улуттук оюндары»,  «Формирование коммуникативных компетенций при работе с текстом» аталышындагы мастер-класс жана конок-лекцияларды өтүп келишти.