Blog Image

КМУнун окутуучулары Алматы шаарында өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун, Гуманитардык-педагогикалык колледжинин профессордук-окутуучулар курамы Казакстандын Алматы шаарында өткөн "Заманбап башталгыч билим берүү: глобалдашуунун көйгөйлөрү жана санариптик трансформация" аталышындагы эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты.

Иш-чара Казак улуттук кыздар педагогикалык университетинде өткөрүлүп, Түркиянын, Венгриянын жанаТатарстандын окумуштуулары өз докладдарын окушту.

Конференциянын алкагында КМУ жана Казак улуттук кыздар педагогикалык университетинин ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын багыттары, академиялык мобилдүүлүк программасын өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу маселелери талкууланды.

Позвонить