КМУнун окутуучулары Англияда өткөн «Англис тили жана инклюзивдүүлүк» долбооруна катышты
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун окутуучулары Аида Ишенбаева жана Гүлзада Усекова Улуу Британиянын Ноттингем шаарында өткөн «Англис тили жана инклюзивдүүлүк» долбооруна катышты. Бул долбоорго Борбордук Азия өлкөлөрүнөн педагогдор барган.
Эскерте кетсек, 2024-жылдын ноябрь айында И. Арабаев атындагы КМУнун Ш. Кадырова атындагы ДТЭМИнин Англис тилинин технологиясы, теориясы жана практикасы кафедрасы Улуу Британиянын Ноттингем Трент Университети менен өнөктөштүктө долбоор жеңип алган. Бул долбоор окутуучуларды инклюзивдүү окутуу ыкмаларына, ар түрдүү окуучуларды колдоо жана англис тилин окутуудагы теңдикти өнүктүрүү боюнча кабардар кылууга багытталган.
Иш сапардын программасында атайын билим берүүгө муктаж студенттер менен иштөө тажрыйбасын үйрөнүүгө жана эффективдүү ыкмаларды көрсөтүүгө арналган сабактар камтылды. Чет өлкөлүк кесиптештер долбоордун катышуучулары менен англис тилин инклюзивдүү окутууну өнүктүрүүгө багытталган тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Долбоордун жыйынтыгы катары алынган билимдер англис тилин инклюзивдүү окутуунун учурдагы ыкмаларын өнүктүрүү үчүн баалуу булакка айланат.