Blog Image

КМУнун окутуучулары Август конференциясында катышууда

Бүгүн, 18-август күнү, И.Арабаев атындагы КМУнун ректору Айгүл Абдраева, Педагогика жана психология институтунун директору Гүлзат Казиева, Орус филологиясы факультетинин деканы Назгүл Сегизбаева, Педагогика кафедрасынын башчысы  Миргүл Эсенгулова, Атайын педагогика жана психокоррекция кафедрасынын башчысы Замира Джапарова  Август конференциясынын алкагында Сингапурдун мектептик билим берүү системасынын презентациясында катышууда. Презентацияларды  Marshall Cavendish Education эксперттери өтүүдө. Бул презентацияда Сингапурдун окуу-усулдук комплекстери, PISA эл аралык изилдөөгө катышууга даярдык тууралуу маалыматтар камтылган.
Август конференциясы Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан уюштурулуп, Ысык-Көлдө «Дельфин» пансионатында өтүүдө.