КМУнун окутуучулары «Азыркы Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнүн тарыхын кесиптик лицейлерде окутуунун актуалдуу маселелери» аталышында илимий-методикалык кереге кеңешке катышты
И. Арабаев атындагы КМУнун М.Р. Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун проф. м.а., т.и.д. Гүлзада Абдалиева жана ага окутуучу Венера Жумалиева Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдыгына карата «Азыркы Кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнүн тарыхын кесиптик лицейлерде окутуунун актуалдуу маселелери» аталышында илимий-методикалык кереге кеңешке катышты.
Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган “Кылым кыйыры: Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнө 100 жыл” аталышындагы фото-фоно көргөзмөнү көрсөтүп келишти.
Аталган кереге кеӊешке КР Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү, эл аралык журналист Акчолпон Койчиева жана Бишкек шаарындагы кесиптик лицейлердин тарых мугалимдери катышты.
Кереге кеӊеш № 5 кесиптик лицейинин директору Элеонора Ишекеева тарабынан уюштурулган.