Blog Image

КМУнун окутуучулары “Баары үчүн окутуу” аталышындагы семинарга катышып келишти

7-9-февраль күндөрү И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун Атайын педагогика жана психокоррекция кафедрасынын башчысы Замира Жапарова, ага окутуучулары Нургүл Тогузбаева жана Жамиля Дунганова КРнын Билим берүү жана илим министрлиги менен ЮНИСЕФ тарабынан уюштурулган Бишкектеги “Парк отель” мейманканасында өткөн инклюзивдик билим берүү жана изилдөөнүн методологиясы боюнча “Баары үчүн окутуу” аталышындагы семинарга катышып келишти.