Blog Image

КМУнун окутуучулары “Борбор Азиянын Стартап Кубогу-2025” аталышындагы эл аралык стартап форумуна катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучулары М. Гаджиева, А. Кубанычбек кызы жана Б. Тургунбаева “Борбор Азиянын Стартап Кубогу-2025” (Central Asia Startup Cup-2025) аталышындагы эл аралык стартап форумуна катышты.

Форум Бишкек шаарында өткөрүлүп, төмөндөгү 5 багыт боюнча иш алып барды:

-Венчур инвестициялары жана Борбор Азиянын стартап-экосистемасы;

- Стартап-индустриянын глобалдык тренддери;

-ФинТех, HealthTech, FemTech, DeepTech – заманбап иштеп чыгуулар жана келечек мүмкүнчүлүктөрү;

-Стартаптар үчүн питчинг сессиялары жана $10,000га чейинки инвестиция алуу мүмкүнчүлүгү;

- Бизнес-ангелдердин сессиялары жана эксклюзивдүү нетворкинг.

Иш-чаранын максаты: стартап идеяларын сунуштоого жана инвестиция тартууга жардам берүү, стартап долбоорун өнүктүрүү боюнча билим менен тажрыйба алууга мүмкүнчүлүк түзүү.