Blog Image

КМУнун окутуучулары "Борбордук Азиянын эң мыкты педагогу" аталышындагы эл аралык конкурсда І даражадагы диплом менен сыйланышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Эл аралык журналистика жана медиа коммуникация бөлүмүнүн окутуучулары Елена Нооганова, Назира Бердигулова жана Айымкуль Мамаева Казакстандын Астана шаарында өткөн илимий конференцияга катышты.

Конференциянын жүрүшүндө "Борбордук Азиянын эң мыкты педагогу" аталышындагы эл аралык конкурсда билим берүү жана илим тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн I даражадагы диплом, төш белги жана күбөлүк менен сыйланышты.

Иш-чара Борбордук Азия өлкөлөрүнүн педагогдорунун ортосундагы байланышты жана кызматташтыкты чыңдоо максатында Казакстан Республикасынын «Billim-Orkenieti» Улуттук инновациялык илимий-изилдөө борбору тарабынан уюштурулган.