Blog Image

КМУнун окутуучулары “Ден соолук 2025” республикалык спартакиадага катышууда

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучулары жогорку жана атайын орто окуу жайларынын кызматкерлеринин арасында жыл сайын өтүүчү “Ден соолук 2025” республикалык спартакиадага катышууда.

Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучулары төмөнкү спорт оюндары боюнча ат салышат: волейбол - мырзалар жана айымдар арасында 45 жаштан жогору; волейбол - мырзалар жана айымдар арасында 45 жашка чейин; футбол - 45 жаштан жогору; тогуз коргоол - мырзалар жана айымдар арасында; шахмат - мырзалар жана айымдар арасында; стол тенниси – айымдар арасында.

Позвонить