КМУнун окутуучулары «Digital Qazaqstan: жасалма интеллект доорундагы чындык жана келечек» аталышындагы форумга катышты
И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ага окутуучулары А.Ж.Шаршеева, Ж.Ж. Амеркулова Алматы шаарында өткөн «Digital Qazaqstan: жасалма интеллект доорундагы чындык жана келечек» аталышындагы форумга катышты.
Иш-чара илимпоз Сагатбек Раимовдун 80 жылдыгына карата уюштурулуп, КМУнун ага окутуучусу А.Ж. Шаршеева «Билим берүүдө эл аралык интеграциялык процесстер» аталышында онлайн форматта баяндама жасады.
Иш-чара И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети менен Алматы гуманитардык-экономикалык университетинин ортосунда академиялык мобилдүүлүк жана кызматташтыкты өнүктүрүү алкагында уюштурулган.


