Blog Image

КМУнун окутуучулары «Эрте кийлигишүү: заманбап ыкмалар жана перспективалар» аталышындагы эл аралык конференцияга катышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун Атайын педагогика жана психокоррекция кафедрасынын башчысы Замира Жапарова жана ага окутуучу Жамиля Дунганова «Эрте кийлигишүү: заманбап ыкмалар жана перспективалар» аталышындагы эл аралык конференцияга катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Жамиля Дунганова «Логопеддик иш – өнүгүүсү бузулган жана өнүгүүсү үчүн коркунучтуу болгон балдарга көрсөтүлгөн эрте жардам системасындагы маанилүү компонент» аталышында доклад жасап, логопеддин жардамы эрте кийлигишүү системасындагы негизги элемент катары белгиледи.

Конференция окутуучуларга өз ара тажрыйба алмашууга жана билим берүү процессиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алышууга мүмкүнчүлүк түздү.