Blog Image

КМУнун окутуучулары "Гульзар" окуу борбору тарабынан ыраазычылык каттар менен сыйланды

И. Арабаев атындагы КМУнун Педагогика  жана психология институтунун директору, доцент Г.Казиева, Мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасынын башчысы, доцент Н.Абдраева, доцент Э.Омуралиева жана ага окутуучу Э.Тентиева "Гульзар" окуу борбору тарабынан ыраазычылык  каттар менен сыйланды. Алар 72 саат көлөмүндө квалификацияны жогорулатууга багытталган “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдарды тарбиялоо жана өнүктүрүү” программасын ишке ашырууга активдүү катышкан.