КМУнун окутуучулары инклюзивдик билим берүү маселелери боюнча семинарга катышты
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучулары КРнын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги уюштурган инклюзивдик билим берүү маселелери боюнча семинарга катышты. Иш-чара Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык педагогикалык институтунда өттү.
Иш-чарага Педагогика жана психология институтунун директору Гүлзат Казиева, Атайын педагогика жана психокоррекция кафедрасынын башчысы Замира Джапарова жана ага окутуучулар Алтын Аманканова, Джамиля Дунгановалар катышты.
Семинардын жүрүшүндө Литва Республикасынан келген жогорку квалификациялуу профессорлор өз өлкөсүндөгү инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча жетишкен ийгиликтери, колдонулган практикалары жана педагогикалык ыкмалары менен бөлүштү.
Андан сырткары билим берүү процессинде ар түрдүү мүмкүнчүлүктөрү бар балдардын укуктарын камсыз кылуу, аларды социалдаштыруу жана адаптациялоо боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле, атайын педагогика боюнча адистерди даярдоо маселелери да каралып, инклюзивдик билим берүү шарттарында логопед, дефектолог, тарбиячы сыяктуу адистердин ролу жана аларды даярдоонун заманбап багыттары боюнча маселелер талкууланды.