Blog Image

КМУнун окутуучулары "Интеллектуалдык менчик жана өлкөнүн өнүгүүсү үчүн инновациялар: ийгиликтүү келечекке бирге" аталышындагы форумга катышты

23 апрель күнү  И. Арабаев атындагы КМУнун профессордук-окутуучулук курамы жана “Enactus KSU” командасы "Интеллектуалдык менчик жана өлкөнүн өнүгүүсү үчүн инновациялар: ийгиликтүү келечекке бирге" аталышындагы улуттук форумга катышты. Форум КРнын Министрлер Кабинетинине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги, Интеллектуалдык менчиктин дүйнөлүк уюму жана Евразия патенттик уюму менен  биргеликте   уюштурулуп, “Novotel Bishkek City Center” борборунда өттү. Иш-чарага КМУнун Стартап борборунун жетекчиси Н.Абдылдаева, стартапды өнүктүрүү боюнча жооптуу профессордук-окутуучулук курамы, “Enactus KSU” командасынын мүчөлөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, ошондой эле, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары катышты.