Blog Image

КМУнун окутуучулары көп тилдүү билим берүү боюнча тегерек столго катышты

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Гуманитардык-педагогикалык колледжинин директору Т. Ашымбаева, Мектепке чейинки жана коррекциялык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Г. Жаныбекова жана Педагогика бөлүмүнүн окутуучусу А. Такабаева Бишкек шаарындагы Келечек MIT мектебинде көп тилдүү билим берүү жана STEM программаларын өркүндөтүү боюнча өткөрүлгөн тегерек столго катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө мектеп мугалимдери ачык сабактарды өткөрүп, “Акыл Ордо” таймашы уюштурулду. Тегерек столдун алкагында көп тилдүү билим берүү программаларын өркүндөтүү, алардын жетишкендиктери жана туш болуп жаткан көйгөйлөрү боюнча эксперттердин пикирлери угулуп, кеңири талкуу жүрдү.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын “Кыргыз жараны” концепциясын жана улуттук биримдикти чыңдоо максатындагы стратегияларды жүзөгө ашырууга багытталган.