КМУнун окутуучулары Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган көргөзмөгө катышууда
13-27-декабрь күндөрү И.Арабаев атындагы КМУнун Искусство жана дизайн факультетинин ага окутуучусу Лайли Амираева жана окутуучу Мунара Чолпонкулова чыгармачыл эмгектери менен Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган көргөзмөгө катышууда.
Аталган көргөзмө КР Сүрөтчүлөр союзунун Эмен багында жайгашкан С.А.Чуйков атындагы көргөзмө залында Кыргызстандагы сүрөтчү жана искусство таануучу аялдар ассоциациясы тарабынан уюштурулган. КРнын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөлөрү Лайли Амираеванын "Мезгил айланпасы" (кийиз жасоо өзгөчө техникасы, кийиз, жүн) жана Мунара Чолпонкулованын “Назиктик” (холст, май боёк) эмгектери коюлган.