Blog Image

КМУнун окутуучулары кароосуз калган окуучуларды предметтик курстарга даярдоо үчүн бир айлык курс өттү

1-30-март күндөрү И.Арабаев атындагы КМУнун М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун окутуучулары К. Тилебалиев атындагы жетим жана ата энесинин көзөмөлчүлүгүсүз калган балдар жатак мектебинде, Балыкчы шаарындагы «Нуристан» балдар борборунда, Каракол шаарындагы А.Ахматов атындагы №4 гимназияда жана Токмок шаарынын Д. Казакбаев атындагы №14 орто мектебинде билим алып жаткан жетим жана кароосуз калган окуучуларды предметтик курстарга даярдоо максатында бир айлык курс өттү.

2-апрель күнү окуучулар И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту менен таанышып, окуу процесси жана келечектеги чоң мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымат алышты.

3-апрель күнү «Ала-Тоо» Эл аралык университети (АЭУ) менен таанышууга барышты. Ошондой эле, Курстан өткөн окуучуларга КРнын салык кызматкерлеринин демѳѳрчүлүгү менен даярдалган белектерди КМУнун Окуу башкармалыгынын башчысы Р. Зайниев тапшырды.