КМУнун окутуучулары АГЭУда өткөн “Жаштар жана илим” аталышындагы XXIII эл аралык ИПКга катышты
И. Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун директору Г. Казиева, ППИнин окутуучулары Д. Өмүрбаева, М. Куканова, М. Нуркулова, Д. Мырзадаирова жана Экономика жана менеджмент институтунун ага окутуучусу Ж. Амеркулова Казакстанда илим кызматкерлеринин күнүнө карата Алматы гуманитардык-экономикалык университетинде өткөн “Жаштар жана илим” аталышындагы XXIII эл аралык илимий- практикалык конференцияга катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө И. Арабаев атындагы КМУнун окутуучулары Алматы Гуманитардык-экономикалык университетинин ректору В. Корвяков менен жолугушту. Жолугушууда эки университет ортосундагы академиялык мобилдүүлүк жана эки тараптык кызматташтык тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.