Blog Image

КМУнун окутуучулары Казакстанда өткөн эл аралык илимий-практикалык конференцияга катышты

 

Иш-чара Шымкент шаарындагы Мирас университетинин илимий жумалыгынын алкагында уюштурулуп, КМУнун Илимий-инновациялык бөлүмүнүн башчысы Үмүтбүбү Кармышова “Кыргызстандагы радиоактивдүү калдыктардан келип чыккан көйгөйлөр”, Табигый илимдер жана туризм институтунун проф.М.М.Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын башчысы Салтанат Кендирбаева “Экологиялык проблемалар, айлана-чөйрөнүн булганышы жана коргоо”, “Ысык-Көл ойдуңунун суу-саз канаттуулары”, Орус филология факультетинин деканы Назгүл Сегизбаева “Примененеие информационных технологий при обучении русскому языку” аталышында баяндама жасады.

Эл аралык илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө Педагогика жана психология институтунун Башталгыч мектепте кыргыз жана орус тилдерин окутуунун технологиясы кафедрасынын башчысы Махабат Куканова, Мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасынын башчысы Назгүл Абдраева, Атайын педагогика жана психокоррекция кафедрасынын башчысы Замира Джапарова жана окутуучу Жайнагүл Муратбекова “Инклюзивдик чөйрөдө окуу көндүмдөрүн өнүктүрүү”, “Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын үй-бүлөсүндө тарбиялоо боюнча көндүмдөрдү өнүктүрүү” аталышында тренинг өткөрүштү.

Ошондой эле, Мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасынын башчысы Назгүл Абдраева, окутуучу Жайнагүл Муратбекова “Мектепке чейинки курактагы балдарды тарбиялоодо оюн ишмердүүлүгүнүн ролу” аталышындагы мастер-класс көргөзүштү.