Blog Image

КМУнун окутуучулары Казакстандан келген студенттерди "Ала-Арча" Улуттук жаратылыш паркы менен таанышты

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Табигый илимдер жана туризм институтунун Экология жана туризм кафедрасынын окутуучулары, Казакстан Республикасынын Султан Торайгыров атындагы Павлодар университетинен келген студенттер Ала-Арча Улуттук жаратылыш паркы менен таанышты.

Иш-чара Академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында уюштурулуп, студенттер "Ала-Арча" Улуттук жаратылыш паркынын табигый өзгөчөлүктөрү, экосистемасы жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кенен маалымат алышты.

Позвонить