КМУнун окутуучулары КЭРдин Вейнань педагогикалык университетинин “Улуу Жибек жолу” аталышындагы жайкы окуу жана маданият таануга багытталган лагеринде болушту
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Педагогика жана психология институтунун директору Г.К.Казиева, ППИнин Мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасынын башчысы Н.Э.Абдраева, Чет тилдери орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн окутуучусу А.Ж.Жусупова жана Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башкы адиси А.Б.Бектурова ү.ж. 7-14-июль күндөрү Кытай Эл Республикасынын Вейнань педагогикалык университетинин чакыруусу менен 7 күндүк “Улуу Жибек жолу” аталышындагы жайкы окуу жана маданият таануга багытталган лагеринде болушту. Бул иш-чара Сиань, Вейнань, Яньань шаарларында уланып, тарыхы бай кытай элинин басып өткөн жолу, маданияты, жаратылышы жана бүгүнкү күндөгү билим берүүдөгү академиялык мобилдүүлүктү жана маданиятты өнүктүрүү алкагында уюштурулган программа.
Иш-чара Вейнань педагогикалык университетинин ректору Чжан Шоухуа биздин университетибизге келген расмий иш сапарынын негизинде түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде уюштурулду.