Blog Image

КМУнун ага окутуучусу “Климаттык кризистин себептери" аталышында семинар өттү

14-март күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын ага окутуучусу, ЭКО муун ийриминин жетекчиси Н. Ниязова профессор А. Молдокулов атындагы Улуттук инновациялык мектеп-лицейинде “Климаттык кризистин себептери" темасында семинар өттү. Аталган семинарга Табигый илимдер жана туризм институтунун 2-курсунун студенттери жана NABU Кыргызстан жаратылышты коргоо уюму катышты. Иш-чара КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык экология, жерин таануу, туризм жана аймак таануу боюнча өспүрүмдөр борбору менен биргеликте уюштурулган.  Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер климаттык кризистин себептери тууралуу кенен маалыматка ээ болушту.