Blog Image

КМУнун окутуучулары Корей тили окутуучуларынын дүйнөлүк конференциясына катышууда

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Ш.Кадырова атындагы Дүйнөлүк тилдер жана эл аралык мамилелер институтунун Корей тили бөлүмү жана Бишкек Сежонг институтунун окутуучулары Рю Миннё, Алина Хаметова жана Бегимай Жаныбек кызы Корея Республикасында өтүп жаткан Корей тили окутуучуларынын дүйнөлүк конференциясында катышып жатышат.

Сеулда өтүп жаткан Дүйнөлүк корей тили окутуучуларынын конференциясы дүйнө жүзү боюнча корей тилин окутуп жаткан адистерди чогулткан ири эл аралык иш-чара.

Бул конференцияга 87 өлкөдөн келген корей тили мугалимдери жана Сежонг институттарынын өкүлдөрү катышууда.

Конференцияны Корея Республикасынын Билим берүү министрлиги жана Сежонг уюму уюштурган.

Иш-чаранын негизги максаты – корей тилин дүйнө жүзү боюнча жайылтуу, тил үйрөтүүнүн сапатын жогорулатуу жана мугалимдердин ортосунда тажрыйба алмашууга шарт түзүү.

Конференциянын алкагында 87 өлкөдө жайгашкан Сежонг институттарынын ишмердүүлүгү боюнча баалоо жүргүзүлүп, алардын ичинен Кыргызстандагы Бишкек шаарында жайгашкан Сежонг институту "Мыкты институт" деп таанылды.

Ошентип, бул жогорку баалоо - Бишкек Сежонг институтунун корей тилин окутуудагы жигердүү ишмердүүлүгүн, студенттердин жетишкендигин жана билим берүү сапатынын жогорку баасы. Институт көп жылдар бою Кыргызстандын билим берүү тармагында корей тили менен маданиятын жайылтууга чоң салым кошуп келет. Мындан сырткары, институт тарабынан уюштурулуп келген маданий иш-чаралар, тил курстары жана академиялык долбоорлор дагы жогорку баага ээ болду.

Кыргызстандык корей тили мугалимдеринин бул конференцияга активдүү катышуусу — өлкөбүздө чет тилдерди үйрөтүү тармагынын өсүп-өнүгүп жатканын жана эл аралык билим берүү мейкиндигине интеграция болуп жатканын далилдейт.

Позвонить