КМУнун окутуучулары Коркыт-Ата атындагы Кызылорда университетинде конок-лекция өтүштү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин Костюмдун технологиясы жана көркөм чеберчилиги, текстиль кафедрасынын окутуучулары Амриева А.К. жана Качкын кызы Э. Казакстандын Коркыт-Ата атындагы Кызылордо педагогикалык университетинде конок-лекция өтүштү.
Иш-чара академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында уюштурулуп, окутуучулар үчүн кесиптик компетенцияларын жогорулатууга, билим берүү ыкмалары менен таанышууга жана билим берүү мейкиндигиндеги жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачууга өбөлгө түзүүдө.
Академиялык мобилдүүлүк программасынын негизги максаты: билим берүү сапатын жогорулатуу, окутуучулар менен студенттердин билим берүү жана илимий-изилдөө жаатындагы тажрыйбасын арттыруу, ошондой эле, эл аралык кызматташтыкты бекемдөө.