КМУнун окутуучулары Коркыт Ата атындагы Кызылорда университетинин студенттерине онлайн конок-лекция өттү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин Костюмдун технологиясы жана көркөм чеберчилиги, текстиль кафедрасынын окутуучулары Казакстандын Коркыт Ата атындагы Кызылорда педагогика жана салттуу искусство университетинин дизайн (Костюм дизайны) багытында окуган студенттерине онлайн форматта конок-лекция өттү.
Иш-чара жогорку окуу жайлар аралык келишимдин негизинде, академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында уюштурулган.
Иш-чаранын максаты: студенттердин кесиптик билимдерин кеңейтүү, көркөм чеберчилик жана костюм дизайны боюнча жаңы жана заманбап тажрыйбаларды өздөштүрүүгө жардам берүү. Онлайн лекциялар студенттер үчүн баалуу билим берүү жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө мүмкүнчүлүгүн түздү.