КМУнун окутуучулары Коркыт Ата атындагы Кызылорда университетинин студенттерине онлайн конок-лекцияларды өтүштү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Искусство жана дизайн факультетинин Костюмдун технологиясы жана көркөм чеберчилиги, текстиль кафедрасынын окутуучулары Казакстандын Коркыт Ата атындагы Кызылорда педагогика жана салттуу искусство университетинин дизайн (Костюм дизайны) багытында окуган студенттерине онлайн конок-лекцияларды өтүштү.
Иш-чаранын алкагында Костюмдун технологиясы жана көркөм чеберчилиги, текстиль кафедрасынын доценти Ж.Н. Сулайманова «Костюм, текстиль технологиясы жана искусствосу», ага окутуучу А.Т. Бакчиева «Кыргызстандын декоративдик-прикладдык искусствосу», окутуучу Н.А. Касыгулова «Тигүү буюмдарын өндүрүүнүн негизги этаптары жана балдар чыптамасы», окутуучу М.Ж. Сабиров "Декоративдик натюрморт", окутуучу А.К. Амриева «Байыркы дүйнөнүн модасы жана стили», окутуучу А.Р. Жолдошева «Кыргыз элинин улуттук кийимдери», окутуучу К.Э. Качкын «Монотип техникасын колдонуу менен абстракттуу композиция түзүү», доценттин милдетин аткаруучу Д.О. Оспаналиева «Тигүү буюмдары үчүн материалдарды тандоо» аталышында онлайн конок-лекциялардын жана чеберчилик сабактардын декадасын өткөрүштү.
Иш-чара жогорку окуу жайлар аралык келишимдин негизинде, академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында уюштурулган.
Иш-чаранын максаты: студенттердин кесиптик билимдерин кеңейтүү, көркөм чеберчилик жана костюм дизайны боюнча жаңы жана заманбап тажрыйбаларды өздөштүрүүгө жардам берүү. Онлайн лекциялар студенттер үчүн баалуу билим берүү жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө мүмкүнчүлүгүн түздү.