КМУнун окутуучулары КРдагы Венгриянын Элчилигинде өткөн "Түбөлүк элестер жана сезимдер" көргөзмөсүнө катышты
28-ноябрь күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Искусство жана дизайн факультетинин Көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасынын ага окутуучусу, КРнын Сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү Лайликан Амираева жана КРнын дизайнерлер Союзунун мүчөсү, окутуучу Мунара Чолпонкулова өздөрүнүн эмгектери менен КРдагы Венгриянын Элчилигинде өткөн "Түбөлүк элестер жана сезимдер" көргөзмөсүнө катышты. Аталган иш-чара венгр-кыргыз сүрөтчүлөр клубу тарабынан уюштурулуп, Кыргызстандын сүрөтчү айымдары жана искусство таануучуларынын ассоциациясынын катышуусунда өттү.
Кыргыз сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринен түзүлгөн көргөзмө күзгү мотивдердин кооздугун жана энелик, достук, табиятка болгон сүйүү – түбөлүктүү сезимдерди камтыган терең образдарды айкалыштырган.