Blog Image

КМУнун окутуучулары Кыргызстан эл аралык университетинде квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрдү

Кыргызстан эл аралык университетинде И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Кыргыз тили жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы, доцент Райхан Абдуллаева, Кыргыз адабияты жана аны окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы, доцент Айнур Каныбекова, Кыргыз тилинин практикалык курсу кафедрасынын башчысы, доценттин м.а. Нурида Касымбекова, ага окутуучу Назгүл Масалиева "Мамлекеттик тилди окутууда заманбап технологияларды колдонуу" аталышында квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрдү. Иш-чарага Кыргызстан эл аралык университетинин Мамлекеттик тил жана чет тилдер кафедрасынын профессордук-окутуучулары катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө заманбап технологияларды колдонуу менен тесттерди түзүү, текст менен иштөөнүн стратегиялары, ошондой эле, жазуу көндүмдөрүн калыптандырууда колдонулуучу интерактивдүү ыкмалар тууралуу маалыматтар берилди. Бул курстар окутуучуларга мамлекеттик тилди окутууда инновациялык ыкмаларды колдонуп, билим берүү процессин жаңыртуу үчүн зарыл болгон инструменттерди өздөштүрүүгө шарт түздү.