Blog Image

КМУнун окутуучулары «Кыргызстан, Монголия жана Тажикстанда билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн аралыктан окутуу» аталышындагы конференцияга катышты

И.Арабаев атындагы КМУнун окумуштуу катчысы Нурила Чойбекова, Кошумча кесиптик билим берүү институтунун директору, доцент Гульнара Усенгазиева, Педагогика жана психология институтунун директору, доцент Гүлзат Казиева жана кафедра башчысы Мария Куканова «Кыргызстан, Монголия жана Тажикстанда билим берүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн аралыктан окутуу» аталышындагы изилдөө долбоорунун натыйжалары боюнча жыйынтыктоочу конференцияга катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө уюштуруучулар 3 өлкөдөгү изилдөөлөрдүн жыйынтыктары менен бөлүштү. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, окуутучулар жана студенттер COVID-19 пандемиясынын учурунда дистанттык окутууга өтүүдө бир катар кыйынчылыктарга туш болушкан. Мугалимдер онлайн окууну уюштурууда психо-эмоционалдык стресске кабылып, жеке убакыттын коромжу болуп жатканын, 91% салттуу окутууга салыштырмалуу көбүрөөк убакыт бөлүнөрүн айтышты.