КМУнун окутуучулары Кыргызстандын Россиядагы элчилигинде “Доордун тарыхы – кыргыз мамлекеттүүлүгү” темасында тегерек столго катышты
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде Москвада убактылуу жашап жана иштеп жаткан кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында “Доордун тарыхы – кыргыз мамлекеттүүлүгү” аталышында тегерек стол болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окутуучулары, “Эркиндик, эгемендүүлүк, эгемендүүлүк үчүн күрөш” жана “Элдик толкундоолор” илимий эмгектеринин жана “Абдрахманов – Чыгыш мамлекеттик ишмери” тарыхый-документалдык эмгегинин автору, тарых илимдеринин доктору, профессордун м.а. Г.К.Абдалиева жана тарыхчы В.Б.Жумалиева “Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын тарыхы” долбоору тууралуу баяндама жасашты.
Көрүнүктүү инсандар Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков жана Ишеналы Арабаевдин кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө жана өнүгүшүндөгү сиңирген эмгеги жана ролу белгиленип, ошондой эле ата-бабаларды урматтоо жана муундан-муунга сактап өткөрүп берүү үчүн мындай иш-чараларды өткөрүү зарылчылыгы баса белгиленди. Иш-чаранын катышуучуларына фотосүрөттөрдүн жана архивдик документтердин көргөзмөсү, ошондой эле кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнүн негизги этаптарын чагылдырган видеоматериалдар тартууланды.
Москвада эмгектенген мекендештер тарыхый окуялар, азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөөчүлөрүнүн аракеттери, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлүшү тууралуу маалымат алууга мүмкүнчүлүк алышты.