Blog Image

КМунун окутуучулары “Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ар түрдүүлүгү жана инклюзиясы” Улуттук Эразмус+ семинарына катышты

И.Арабаев атындагы КМунун Педагогика жана психология институтунун Атайын педагогика жана психокоррекция кафедрасынын окутуучулары Замира Жапарова, А. Аманканова “Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ар түрдүүлүгү жана инклюзиясы” Улуттук Эразмус+ семинарына катышты. Семинардын баяндамачысы Амстердам университетинин профессору Дэнни Соекарнсингх. Ал эки күндүн ичинде Кыргызстандагы университеттердин окутуучулары ар түрдүү академиялык чөйрөнү түзүүгө багытталган инклюзивдик саясатты иштеп чыгуу, окуу программаларын адаптациялоо, студенттерди активдештирүү ыкмалары жана окуудагы ийгиликтерди жогорулатуу, ошондой эле, социалдык көндүмдөрдү, кесиптик өсүү стратегияларын өнүктүрүү маселелерин изилдешти.