КМУнун окутуучулары Кытайда өтүп жаткан “International Summer School” программасына катышууда
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж. Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун окутуучулары Мээрим Шаршеналиева жана Сезим Бейшебаева Кытай Эл Республикасынын Сиань шаарында өтүп жаткан эл аралык жайкы “International Summer School” программасына катышууда.
«Global South and the Exploration of Modernization Path» аталышындагы эл аралык билим берүү иш-чарасы Northwest University тарабынан уюштурулуп, эл аралык академиялык мобилдүүлүктүн алкагында өткөрүлүүдө.
Программа жаш окутуучулар үчүн билим алууга, илимий тажрыйба топтоого жана маданий иш алмашууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүп, Кытайдын модернизация модели, цивилизациялар аралык диалог жана глобалдык чакырыктар темалары боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүшүүдө.