Blog Image

КМУнун окутуучулары мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча кереге кеңешке катышты

И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун ага окутуучусу Күлүмкан Садыкова жана Педагогика жана психология институтунун доценти Назгүл Абдраева КРнын Билим берүү жана илим министрлигинде өткөн “Окутуу орус тилинде жүргүзүлгөн класстарда кыргыз тилин окутуу” аталышындагы кереге кеңешке катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Бишкек шаарынын мамлекеттик тил боюнча методисттери, адистери жана мугалимдери мамлекеттик тилди өнүктүрүү жаатындагы өз ойлору менен бөлүштү. КРнын Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова өз сөзүндө кыргыз тилин окутуу боюнча жаңыча ыкмаларды иштеп чыгуу жана кыргыз эмес класстарда кыргыз тили мугалимдерин даярдоонун зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле, бул багытта сапаттуу жана натыйжалуу окуу-методикалык колдонмолорду түзүү тапшырмасы коюлду.

Кереге кеңеш кыргыз тилин окутуунун сапатын жакшыртууга жана мамлекеттик тилдин колдонуу чөйрөсүн кеңейтүүгө багытталган.