Blog Image

КМУнун окутуучулары менен студенттери “Үмүт үйүнө” барышты

26-октябрда И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Эл аралык журналистика жана медиа коммуникациялар бөлүмүнүн окутуучулары менен студенттери “Садака КейДжи” фонду менен биргеликте Бишкек шаарындагы "Үмүт үйү" карылар жана майыптыгы бар адамдар үчүн социалдык мекемесине барышты. Иш-чаранын жүрүшүндө улгайган жана майыптыгы бар жарандар менен баарлашып, айлана-тегеректи тазалоо жумуштарына жардам беришип, гуманитардык жардамдарды, таттуу белектерди тапшырып келишти.

Иш-чаранын максаты – студенттерди кайрымдуулукка, боорукерликке жана ыймандуулукка тарбиялоо.