Blog Image

КМУнун окутуучулары С. Нааматов атындагы НМУнун студенттерине конок-лекция өттү

14-май күнү И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун экология жана туризм кафедрасынын доценттери Турусбек Аблешов, Рахат Кермалиев жана Иличбек Темирбек уулу, ошондой эле, Японтаануу институтунун окутуучусу Максатбек Кыдыралиев Нарын шаарынын С. Нааматов атындагы НМУнун туризм жана экология адистиктеринде окуган студенттерине конок-лекция өттү. Конок-лекциянын жүрүшүндө Нарын облусундагы туризм индустриясынын өнүгүшү жана Нарын облусунун экологиялык абалы тууралуу кенен маалыматтар берилди.