Blog Image

КМУнун окутуучулары НМПУнун 90 жылдык мааракесине арналган XII эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышты

19-21-февраль күндөрү И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун педагогика кафедрасынын башчысы, профессордун м.а. М.М. Эсенгулова, доценттин м.а. Ж.Д. Асекова, мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасынын доценти А.М. Муратова, Искусство жана дизайн факультетинин профессору Ю.А. Шыгаев Новосибирск мамлекеттик педагогикалык университетинин (НМПУ) 90 жылдык мааракесине арналган XII эл аралык илимий-практикалык конференциясына катышты.

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети конференциянын өнөктөшү болду. Конференциянын алкагында пленардык жыйында сөз сүйлөө, секциялык иштерде модерация жүргүзүү, тегерек столдо катышуу жана студенттер үчүн интерактивдүү конок-лекциялар өтүлдү.

Конок-лекциялар Балалык институтунда жана Искусство институтунда, мектепке чейинки билим берүү, башталгыч билим берүү, искусство факультетинин 1-2-курстарынын студенттерине, төмөнкү темалар боюнча өткөрүлдү: «Педагогдун сүйлөө маданияты жана техникасы» (А.М. Муратова), «Чынгыз Айтматов сүрөт искусствосунда» (Ю.А.Шыгаев), «Педагогикалык адистиктердин студенттеринин жумшак көндүмдөрүнүн (Soft skills) өнүгүүсү» (М.М. Эсенгулова, Ж.Д. Асекова).

«Билим берүү жаатындагы эл аралык илимий изилдөөлөр» аттуу тегерек отурумда НМПУнун окутуучулары педагогикалык лабораториянын ишмердүүлүгүнүн алкагында жүргүзүлө турган изилдөөлөргө, Phd докторантура программасы боюнча англис тилинде конок-лекцияларды, диссертациялык иштерге кошумча жетекчилик аткаруу, тышкы рецензент боло ала тургандыгын билдиришти.

Позвонить