Blog Image

КМУнун окутуучулары “Окуу керемет!” USAID долбоорунун электрондук баалуу материалдарына ээ болду

И.Арабаев атындагы Педагогика жана психология жана М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институттарынын кызматкерлери 10-12-июнь күндөрү Кой-Таш айылындагы Mountain View Resort эс алуу жайында өткөн Квалификацияны жогорулатуу курстарында башталгыч класстардын мугалимдерин окутуунун аралаш форматын уюштуруу жана өткөрүү боюнча тренингтерине катышышты.

“Окуу керемет!” USAID долбоору “Сабак АПП”, “Баалоо АПП” сыяктуу электрондук баалуу материалдарын колдонуу боюнча мектеп мугалимдеринин кесиптик чеберчилигин өркүндөткөн билим берүү уюмдарынын ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумдарга кол коюлду.

Тренингдин биринчи күнүндө “Окуу керемет!” USAID долбоору “Сабак Апп” (сабакка байкоо жүргүзүүнүн электрондук формасы), “Баалоо Апп” (окурмандык жана математикалык көндүмдөргө жасалуучу калыптандыруучу баалоо, сабакка байкоо жүргүзүүнүн жалпы формасы) сыяктуу электрондук тиркемелерин, кагаз түрүндө басылып чыккан жана электрондук форматтагы модулдарды И.Арабаев атындагы КМУнун ППИ жана М.Р.Рахимова атындагы ККББИге өткөрүп беришти.