Blog Image

КМУнун окутуучулары онкологиялык оорулуу балдарга белектерди тапшырды

Бүгүн, 13-февраль күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү институтунун окутуучулары жана студенттери Эл аралык онкологиялык оорулуу балдар күнүнө карата Бишкек жана Ош шаарларындагы Балдар онкологиялык оруканасында дарыланып жаткан балдарга белектерди тапшырды.

Иш-чарага Э.Ж.Маанаев атындагы ТСУББИ профессордук-окутуучулар курамы жана студенттер катышты.

Белгилей кетсек, 15-февраль – Эл аралык онкологиялык оорулуу балдар күнү 2001-жылдан бери расмий белгиленип келет.

Иш-чара КМУ жана “Помогать легко” коомдук фонду менен биргеликте уюштурулду.