Blog Image

КМУнун окутуучулары профессор Абдуакап Кара менен жолугушту

9-апрель күнү И.Арабаев атындагы КМУнун М.Р. Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун педагогикалык жана гуманитардык билимдер кафедрасынын кафедра башчысы Гульзада Абдалиева жана ага окутуучусу Венера Жумалиева Түркия Республикасындагы иш сапарынын алкагында Мимар Синан атындагы көркөм өнөр университетинин профессору Абдуакап Кара менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Борбордук Азиянын, кыргыз элинин жана Түркиянын тарыхы тууралуу баарлашты. Окумуштуу Абдуакап Кара өзүнүн эмгектери менен кеңири тааныш экендиктерине ыраазычылыгын билдирип, эстелик катары Мустафа Чокаевдин «Советтер Союзунун Түрк дүйнөсүнө карата саясаты» ("Политика Советского Союза в отношении Тюркского Мира") аталышындагы орусча китепти белек кылды.