Blog Image

КМУнун окутуучулары республикалык сүрөт көргөзмөсүнө  катышты 

15-апрель күнү Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Искусство жана дизайн факультетинин Көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасынын ага окутуучулары республикалык сүрөт көргөзмөсүнө катышты. Иш-чара  КРнын Сүрөтчүлөр союзунун 90 жылдыгына карата  Г. Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде  уюштурулган. Көргөзмөгө Көркөм сүрөт жана дизайн кафедрасынын ага окутуучулары Доктуркул Ибраев  “Айыл турмушунан”, Лайликан Амираева “Мезгил айлампасы”, “Жаз ыргагы”, философия илимдеринин кандидаты Улуубек Закиров “Айыл четинде”, “Тоо пейзажы” аталышындагы чыгармалары менен катышты. Иш-чаранын жыйынтыгында катышуучулар диплом, Ардак грамота менен сыйланды.