Blog Image

КМУнун окутуучулары “Стамбул Панорама 1453” тарыхый жана археологиялык музейлерине экскурсияга барышты

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана Стамбул Айдын университетинин ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде Түркия Республикасында иш сапар менен жүргөн окутуучулар Стамбул шаарындагы Түрк дүйнөлүк маданий борборунун жетекчиси А. Кескин менен жолугушуп, М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун педагогикалык жана гуманитардык билимдер кафедрасынын окутуучусу Н. Рысмендеева “Чүкө жана ордо оюндары” аталышында монографиясын презентациялады.

Педагогика жана психология институтунун мектепке чейинки билим берүү технологиясынын кафедра башчысы Н. Абдраева Түрк элинин белгилүү балдар жазуучусу Ялкач Урал менен эки элдин ортосундагы балдар адабияты жөнүндө аңгемелешип, келечекте биргеликте иштөөнүн программаларын карашты.

Түрк дүйнөлүк маданий борборунун жетекчиси А. Кескин менен биргеликте “Стамбул Панорама 1453” тарыхый жана археологиялык музейлерине экскурсияга барышты.

5-апрель күнү Стамбул Айдын университетинин профессордук-окутуучулар курамынын жалпы жыйынына катышып, университеттин негиздөөчүсү профессор Мустафа Айдын менен пикир алышты. Университеттин негиздөөчүсү, профессор Мустафа Айдын жалпы эле кыргыз элине, анын ичинде И. Арабаев атындагы КМУнун жетекчилигине жана жалпы профессордук-окутуучулар курамына жакшы каалоо тилектерин билдирип, эки университеттин ортосундагы кызматташууну өнүктүрүүнүн зарылчылыгын белгиледи.